1. Колдун ийин менен туташкан жеринин ички бети, капталдын үстүнкү бөлүгү. Атам Бердикени колтугунан сүйөп, өзү атказды (Касымбеков). Медет кудуңдап, китепти колтугуна кысты (Каимов). 2. өт. Кысык, бурч, түп. Ошол Үч-Таштын чыгыш жаккы колтугундагы ашууну ары ашса, аркы бети – Ат-Башы (Жантөшев). Паровоз бийик жылганын колтугуна кирип токтоду (Сасыкбаев).
Душманга ички сырды билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү, чыккынчылык кылуу, ичинен орун берүү. Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы? («Семетей»). Ким болсо да душманга колтук ачса, чоңойткон жердин тузуна кара санаса, тагдыры так ушундай болот (Борбугулов). Келдибек уулуна колтук ачып, жасакерленип жүргөндөр да бар экен (Бейшеналиев).
Душманга ички сырды билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү, чыккынчылык кылуу, ичинен орун берүү. Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы? («Семетей»). Ким болсо да душманга колтук ачса, чоңойткон жердин тузуна кара санаса, тагдыры так ушундай болот (Борбугулов). Келдибек уулуна колтук ачып, жасакерленип жүргөндөр да бар экен (Бейшеналиев). Менден бири качпаган, Душманга колтук ачпаган (Токомбаев). Дос бололу, Кожокан, Душманга колтук ачпаска (Осмонкул).
Ысык эле жаны туруу, араң жан, өтө начар абалда болуу. Колтук кагып араң жан («Манас»). Оорулуунун абалы өтө кыйын, колтук кагып калыптыр («Ден соолук»).
Ысык эле жаны туруу, араң жан, өтө начар абалда болуу. Колтук кагып араң жан («Манас»). Оорулуунун абалы өтө кыйын, колтук кагып калыптыр («Ден соолук»). Колтук кагып араң жан («Манас»).